Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

24 саатта чыгыш Украинада 6 аскер мерт кетти


Соңку 24 сааттын ичинде Украинанын чыгышында 6 жоокер окко учту, 12си жараланды. Акыркы 10 күндүн ичинде мынчалык көп жоготуулар боло элек эле.

Куралдуу күчтөрдүн маалымат өкүлү Андрей Лысенко буга Орусия колдогон жикчилдердин провокациясы алып келгенин айтты. “Душман дээрлик бардык багыттарда” чабуулдарын улантып жатат деген Лысенко кырдаалды “туруксуз” деп сыпаттады. Өзгөчө олуттуу аткылоого Мариуполь портунун жанындагы Широкино жана Павлопил айылдары, Донецк менен Лугансктын айланасындагы чөлкөмдөр туш болгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG