Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Тажикстанда 35 жашка чейинкилер ажыга бара албайт


Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети 35 жашка чейинкилердин ажыга баруусуна чектөө киргизди. Мунун себеби быйыл зыяратчылардын квотасынын азайышы жана улгайган адамдарды урматтоо керектиги менен түшүндүрүлдү. Буга чейин комитеттин ажылык боюнча бөлүмүнүн башчысы Абдужалол Ализода чектөөнүн диний фанатизм менен күрөшкө тиешеси жок деп комментарийлеген.

Бийликтин мындай чарасы өздөрү зыяратка барууну каалаган жана улгайып калган ата-энелерин коштоп барайын деген жаштардын нааразылыгын жаратты.

Былтыр Тажикстандан ажылыкка алты жарым миңдей киши барган.

XS
SM
MD
LG