Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Дүйнөлүк футбол: Кыргызстандын атаандаштары аныкталды


Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун жадыбалы.
Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун жадыбалы.

Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары “B” тайпасында майданга түшүп, төрт мамлекет менен беттешет. Алар – Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш. Кыргызстандын улуттук курамасынын атаандаштары 14-апрелде Азиянын футбол конфедерациясынын (АФК) башкы штабы жайгашкан Куала-Лумпур шаарында аныкталды. Тайпалар чүчү-кулак менен тандалды. Жыйынтыгында 40 улуттук курама 8 тайпага бөлүндү.

Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, кыргыз курамасы атаандаштары менен 2015-жылдын 11-июнунан 2016-жылдын 29-мартына чейин сегиз жолу беттешет.

Тайпалык мелдештин жеңүүчүлөрү 2019-жылдагы Азия кубогуна жана бир эле мезгилде 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугунун жыйынтыктоочу тандоо оюндарына жолдомо алышат.

Кыргызстандын улуттук курамасынын оюндарынын жадыбалы:

11- июнь ,2015-ж. – Бангладеш – Кыргызстан (оюн Бангладеште өтөт),

16- июнь, 2015-ж. – Кыргызстан – Австралия (оюн Бишкекте өтөт),

3-сентябрь, 2015-ж. - Иордания – Кыргызстан (оюн Иордания өтөт),

8-октябрь, 2015-ж. – Тажикстан - Кыргызстан (оюн Бишкекте өтөт),

13-октябрь, 2015-ж. – Кыргызстан - Бангладеш (оюн Бишкекте өтөт),

12-ноябрь, 2015-ж. – Австралия - Кыргызстан (оюн Австралияда өтөт),

17- ноябрь, 2015-ж. – Иордания – Кыргызстан (оюн Бишкекте өтөт),

29- март, 2016-ж. – Тажикстан - Кыргызстан (оюн Тажикстанда өтөт). (ECh)

XS
SM
MD
LG