Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Нарында «Жаш таланттар-2015» сынагы өттү


Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыяланган быйылкы жыл жана Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Нарын шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан мектеп окуучуларынын арасында «Жаш таланттар-2015» кароо-сынагы өтүп, жыйынтыгы чыгарылды.

Ага калаадагы 8 мектептен жалпысынан 150гө чукул окуучу катышып Манас айтуу, дастан, обондуу ырларды аткаруу, улуттук аспаптарда ойноо, бий, сүрөт тартуу, улуттук кол өнөрчүлүк жана айкелчилик боюнча таланттарын көргөзүштү.

Жыйынтыгында ар бир сынактын экиден жеңүүчүсү 24-25-апрель күндөрү өтө турган «Жаш таланттар-2015» кароо сынагынын облусттук туруна жолдомо алышты.

Иш-чараны уюштуруу үчүн шаардык билим берүү бөлүмүнөн 5 миң сом каражат сарпталып, жергиликтүү бюджеттен 10 миң сом катышуучуларды сыйлоого бөлүнгөн. (MiK)

XS
SM
MD
LG