Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Мектеп жана бакча имараттарынын коопсуздугу талкууланат


Мектептердеги авариялык абал кээде минтип чатырда окуганга мажбурлайт. Ош облусундагы мектептердин бири. 2010-жыл.
Мектептердеги авариялык абал кээде минтип чатырда окуганга мажбурлайт. Ош облусундагы мектептердин бири. 2010-жыл.

Өкмөт өкүлдөрү авариялык абалга тушуккан мектептер менен бала бакчалардагы коопсуздук маселесин бүгүн Бишкектеги “Ак Кеме” мейманканасында талкуулайт. Анда Билим берүү жана илим министрлиги менен Мамлекеттик курулуш ишканасы чогуу жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыктары каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган министрликтин басма сөз катчысы Амантур Акматов билдирди:

- ЮНИСЕФтин колдоосу менен 2011-2014-жылдар аралыгында изилдөө жүргүзүлүп, билим берүү мекемелериндеги орчундуу көйгөйлөр аныкталган. Изилдөө тыянагына ылайык, Кыргызстандагы мектеп жана бала бакчалардын 80 пайызы авариялык абалга кептелген,- дейт Акматов.

Бүгүнкү жыйынга борбордук өкмөттүн өкүлдөрү, облустук, райондук бийликтердин башчылары жана курулуш тармагындагы адистер чакырылган. Алар тез арада бул маселени кантип чечүү боюнча ой бөлүшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG