Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Италия менен Ливия ортосундагы деңизде 400 мигрант чөгүп кетти


Ливиядан Италияга бараткан мигранттар түшкөн кеме кырсыкка кабылып, 400 адам өлдү. Алардын арасында көпчүлүгү балдар экени айтылууда. Италиянын жээк күзөт кызматы 144 кишини куткарды. Кеме жолго чыккандан бир күндөн кийин 12-апрелде чөгө баштаган.

Евробиримдиктин миграция маселелери боюнча комиссары Димитрис Аврампулос шейшемби күнү Еврокеңеш кырсыкка кабылгандарды куткаруу иштерине көмөк көрсөтүшү зарылдыгын белгиледи.

Маалыматтарга караганда, 10-апрелден бери Жер ортолук деңизинде түрдүү кырсыктардан жети миң мигрант куткарылган. (SE)

XS
SM
MD
LG