Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрөт


Нөшөргө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында 15-16-апрель күндөрү сел жүрөт. Ошондой эле Бишкек-Ош, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Алдыдагы эки күндө өлкө аймагында маал-маалы менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде катуу жаан-чачын болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет.

Мындай бороон - чапкындуу аба ырайы айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Жемиш бактарынын гүлүнө да коркунуч туудурат. (SE)

XS
SM
MD
LG