Бул тууралуу “Азаттыкка” насыя алгандардын укугун коргоо комитетинин төрайымы Динара Назаркулова билдирди. Анын айтымында, доллардын курсунун өсүп жатканына нааразы болгон 20 чакты насыячылар бүгүн Ак үй алдына нааразылык акциясына чыккан. Алар Улуттук банк сомдун курсун туруктуу кармабай жатат деп нааразы болушууда. Милиция пикетке чыккандардын плакатын алып, митинг өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Акцияга чыккандар кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алынып барылды.
Насыя алып, курстун кескин өсүшүнө байланыштуу аны төлөй албай калган жарандар Бишкектеги Горький паркында буга чейин да нааразылык акциясына чыгып, айрымдар өзүн-өзү өрттөөгө аракет жасаган. (КЕ)