Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Өз жанын кыйууга барган өспүрүм кызды апасы сактап калды


Жумгал районунун Чаек айылында 13 жаштагы өспүрүм кыз өз жанын кыйууга аракет кылып, жипке асылып турганда апасы сактап калган. Кыздын апасы Клара Мааданбекованын айтымында, өспүрүм кыз турмуштагы оош-кыйыштарга чыдабай ушундай кадамга барган.

-Үй бүлөөлүк чырдан улам, кызымды урушуп койгом. Анан кошунаныкына барып келсем эле сарайда асылып турганын көрдүм. Чуркап барып эле жиптен бошотуп, ооруканага кайрылдым, азыр эсине келип келбей, өлөм, терезеден секирем деп бизди коркутуп жатат,- дейт Мааданбекова.

Учурда ал райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө. Аталган бөлүмдүн дарыгери Мурат Акунбаевдин айтымында, тынымсыз медициналык көзөмөл менен кыздын абалы оңолуп баратат. (MiK)

XS
SM
MD
LG