“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму жарыялаган жаңы отчетто Кыргызстан сөз эркиндигинин рейтинги боюнча 180 өлкөнүн ичинен 88-орунду ээлеген. Былтыр 97, 2013-2012-жылдары 106-орунда болчу. Биринчи беш орунга Финляндия, Норвегия, Дания, Нидерланды жана Швеция чыккан. Ал эми Эритрея бул тизмеде акыркы турат. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Казакстан -160, Өзбекстан – 166, Түркмөнстан – 178, Орусия - 152, Белорусь – 157 орунду ээлеген.
Бул рейтингде плюрализм, журналисттин эркиндиги жана коопсуздугу, маалымат каражаттардын көз карандысыздыгы, укуктары жана шарты эсепке алынган. (КЕ/ATu)