Нарын облустук ички иштер башкармалыгын маалымдашынча, жыл башынан бери 17 жол кырсыгы катталган. Андан 18 адам ар кандай жаракат алышып, 13 киши каза тапкан.
Ошондой эле жол эрежесин бузган айдоочулар кармалып, анын ичинен мас абалында автоунаа башкарган айдоочуларга тиешелүү чаралар көрүлгөн. Нарын облустук милициясынын маалыматы боюнча, былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыгы кыйла азайган. Былтыр үч айда 22 жол кырсыгы катталган. (MiK)