Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Оппозиция сабалган үйдөн 23 миң доллар жоголгону айтылууда


Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлерин үйүндө коноктогон Абдылда Капаров 23 миң доллар жоголгону боюнча ИИМге, Акыйкатчыга жана Башкы прокурорго азыр жазды. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыкка" кабарлады.

Ош облустук милициясынын мурунку жетекчиси Абдылда Капаров 9-апрелде УОКтун лидерлери Бектур Асанов, Улукбек Маматаев, Төлөгөн Келдибаев жана Кубанычбек Кадыровду коноктоп жаткан учурда үйүнө белгисиз адамдар бастырып келип, аларды токмоктогонун айткан. Анын белгилешинче, акча ошол күнү жоголгон. Капаров өз арызында, бийликке жакпаган адамдар куугунтукталып, аларга карата жасалган иштердин бети ачылбай калып жатканын белгилеген.

Ош шаардык милициясы Капаровдун үйүндө тополоңдун изи байкалбайт деген жүйөө менен кылмыш ишин ачкан эмес. (YI)

XS
SM
MD
LG