Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Расмий Ташкент элди күчтөп пахта тердиргени үчүн сындалды


Пахта талаасындагы нанүштө. Өзбекстан. 5-ноябрь, 2014-жыл.

Өзбекстан 1 миллиондон ашуун жаранды 2014-жылы мажбурлап пахта тердиргени сынга кабылды.

Адам укугу боюнча Өзбек-герман форуму 13-апрелде жарыялаган баяндамада өзбек бийликтери “пахта терими маалда инсандардан жана ишкерлерден, анын ичинде эл аралык компаниялардан опузалап акча алууну улантууда” деп белгиленет.

"Былтыркы пахта териминде 17 жаран өлдү, көптөгөн адамдар жараат алды. Жумушчулар 10 сааттан иштеп, бир аз гана эс алат. Дем алыш күн берилбейт. Таза суусу, мончосу жок бөлмөлөрдө тыгылып жашайт", - деп көрсөтүлөт Германияда орношкон уюмдун докладында. Уюм өзбек өкмөтүн эл аралык уюмдар, журналисттер, жарандык коомдор менен бирге пахтачылык тармагын реформалоого чакырды. Бул үндөөнү Адам укугу, эмгек, ишкерлер жана инвесторлор менен иштөөчү уюмдардын эл аралык коалициясы жактады.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG