Кара-Суу районунун Нариман айылдык Кеңешинин төрагасы УКМК кызматкерине 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жатып кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Нариман айылдык Кеңешинин төрагасы жерди мыйзамсыз берүү боюнча мурда козголгон кылмыш ишин оң жагына чечип берүү суранычы менен укук коргоо кызматкерине 2 миң доллар акча сунуштаган.
Учурда айылдык депутатка “пара берген” деген айып тагылып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.YI