Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:26

Жалал-Абадда согуш ардагерлерине автоунаа белекке берилет


Мындай маалыматты өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын адиси Абдуллабек Камбаров "Азаттыкка" берилди. Учурда Тогуз-Торо районундагы жалгыз ардагерге автоунаа белекке берилсе, Сузак районундагы 24 согуш ветеранына дагы жергиликтүү бийлик тарабынан автоунаа берүү пландаштырылууда, - дейт Камбаров. Ал эми Таш-Көмүр шаарындагы 2 ардагерге 100 миң сомдон колдоо көрсөтүлдү.

Бүгүн Жалал-Абад шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата марафон өткөрүлүүдө. Облус аймагында азыркы кезде 159 ардагер жашайт. Алардын улуусу 101 жашта болсо, эң кичүүсү 87де. (RsK)

XS
SM
MD
LG