Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Өкмөт төрт эмдин ата-энесине 300 миң сом бөлдү


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн фондунан төрт эмдин ата-энеси Гүлайым Абдылдаева жана Нурлан Зарнаевге материалдык жардам катары 300 миң сом бөлүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин Бишкек мэриясы 100 миң сом берген. Президенттин аппараты батир же үй курууга каражат берүүнү убада кылган.

Төрт эм Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 9-апрелде төрөлгөн. Ымыркайларга саясатчылардын Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек, Камчыбек деген ысымдары ыйгарылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG