Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05

Нарында 18-кылымга таандык карапа табылды


Март айынын аягында Нарын районундагы Каза-Куйган айылынын тургундары Рашит Күнтууганов менен Алмазбек Жанузаков тоонун боорунан узундугу 50 см карапа таап алышкан. Ал Нарын облустук тарых музейине тапшырылды.

Музейдин кызматкерлеринин баамында, карапа 18-кылымга таандык болушу мүмкүн. Ал чоподон жасалып, дан азыктарын сактоого ылайыкташтырылган.

Карапаны эми атайын изилдөөгө жөнөтөөрүн музейдин кызматкерлери кабарлашты. Буга чейин облус аймагынан коло доорундагы жаанын жебелери жана сандыкчалар табылган. (MiK)

XS
SM
MD
LG