Кытайдын пайдасына шпиондук кылды деп соттолгон орусиялык профессор Евгений Афанасьев абакта каза болду. Орусиянын жаза өтөөчү жайлар боюнча федералдык кызматынын маалымдашынча, 62 жаштагы Афанасьев 11-апрелде жүрөгү жарылып өлгөн.
Санкт-Петербургдагы Балтия техникалык университетинин (мурдагы Военмех) профессору Афанасьев чыккынчылык кылды деп, 2012-жылы 12-жылга соттолгон.
Анын коллегасы, профессор Святослав Бобышев 2010-жылы камакка алынып, Кытай чалгынчыларына “Булава” баллистикалык ракетасы тууралуу купуя маалыматтарды берген деп, 12 жылга кесилген. Эки профессор тең Кытайдын Харбин шаарындагы Техникалык университетте илимий кызматташуу алкагында лекция окучу.