Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:33

Караколдо кабат үйлөрдү жылуулуктан ажыратуу сунушталууда


Каракол шаарынын "Восход" жана "Кашка-Суу" кичи райондорунун тургундары жылуулук үчүн акча төлөбөй турганын айтып, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулуктан биротоло ажыратууну талап кылып жатат. Алар кышында үйлөр жакшы ысыбаганына нааразы.

Тургундардын айтымында, үч айда 12 миң сомго чейин эсеп келип жатат, айрымдардын карызы 80 миң сомго чейин чыккан. Жылуулук ишканасы төлөбөгөндөрдү сотко берүүдө.

Аталган мекеменин жетекчиси Эмил Ногойбаев түтүктөр оңдоп-түзөөгө муктаж болгондуктан жылуулук начар экенин билдирип, ремонт иштерин жашоочулар өздөрү жүргүзүшү керектигин айтты.

Ногойбаев электр энергиясына күч келтирбөө үчүн үйлөрдү жылуулуктан ажыратпоо зарылдыгын белгилейт.

Караколдогу "Восход" жана "Кашка-Суу" кичи райондорунда 40 көп кабат үй бар, анын 15и борбордук жылуулукка туташкан. (AsA)

XS
SM
MD
LG