Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Казакстандын чыгышында суу ташкыны эки көпүрөнү бузуп кетти


Караганда облусундагы суу ташкынынан улам миңден ашуун тургун коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Ондогон айылдар суу каптоо коркунучунда турат. Республикалык маанидеги Караганда-Аягоз-Бугаз унаа жолунун үч жерин суу жууп кетти. Тилсиз жоодон улам Семей-Кайнар жолундагы эки көпүрө бузулган.

14-апрелден берки жаан-чачындан улам көтөрүлгөн суунун деңгээли 15-апрелде түштө кийин бир аз басаңдаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып, жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

Каза тапкандар, денесинен жабыркагандар жана дайынсыз жоголгондор каттала элек.(SE)

XS
SM
MD
LG