Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Кара-Үңкүр дарыясында суунун деңгээли көтөрүлдү


Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районун аралап өткөн Кара-Үңкүр дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, 200 турак жайга жана жолдорго, коркунуч жаралды.

15-апрелде суунун көлөмү 124 куб метрден жогору болуп, ташкындоо чегине жеткен. Мындан улам Кызыл-Ай айылындагы 40 үй, Чын-Курулуш айылынын 60 турак жайы, Турпак-Коргондогу 70, Сейдикумдагы 30 турак-жай жана 300 гектар айыл чарба жерлери, жолдор кооптуу абалда экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Бүгүн министрликтен 1 экскаватор, 1 бульдозер жана 2 жүк ташуучу унаа адистер менен бирге аймакка жөнөтүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG