Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Нарын: жыл башынан бери диний экстремизмге байланышкан 8 факты аныкталды


2015-жылдын алгачкы 3 айында диний экстремизмге байланышкан 8 факты аныкталып, 2 факты боюнча топтолгон материалдар Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилди. 2 факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылып, 4 факты боюнча диний экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Нарын шаарында Хизбут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөсү деп шектелген 16 адам бар жана аталган уюмдун мүчөсү делген 5 адамга ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш чаралары жүргүзүлүп, алар менен жекече профилактикалык иштер жүргүзүлүп тураарын Нарын ОИИБинен кабарлашты. (MiK)

XS
SM
MD
LG