Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев митингдерге чектөө киргизген соттун чечимин Конституцияга каршы келет деп бүгүн парламентте билдирди. Ал көп учурларда соттордун чечимдери Конституцияга эле эмес, мыйзамдарга да каршы келип жатканын белгиледи.
14-апрелде бир нече жаран Акүйдүн алдына митингиге чыккан. Алар доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу насыяларды төлөөдө кыйынчылыкка учурап жатышканын билдирүүгө аракет жасашкан. Бирок милиция кызматкерлери соттун митингдерге киргизген мораторийине шилтеме жасап, акцияга чыккандарды кармап кеткен.