Шаардын борбордук базарында жайгашкан алтын, күмүш буюмдарын саткан дүкөндөн 400 миң сомдук зер буюмдарын уурдаган сузактык 21 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирет. Кылмышка шектүү келин убактылуу кармоочу жайга камалып, жоголгон буюмдар өз ээлерине кайтарылды. Бул факты боюнча КЖКнин 164 беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. (RsK)