Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

Жалал-Абадда 3 миң гектар аянтты чегиртке каптады


Ноокен жана Аксы районундагы 2 миң гектарга жакын аянтты “Марокко” аталышындагы чегиртке каптады. Бул тууралуу Жалал-Абад региондук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо башкармалыгынын башчысы Кайратбек Садыков “Азаттыкка” билдирди. Эгерде бир жума ичинде дарылап калбасак чегирткелер чоңоюп, дыйкандардын эгиндерине өтө баштайт. Бул багытта республикалык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине кат жолдодук, эртеңден баштап дарылоо иштери башталат. Бирок авиация менен иш жүргүзбөсөк чегирткелерди жок кылуу кыйынга турат,- дейт Садыков. Былтыркы жылы чегирткелер аймактагы 30 миң гектар чөп аянттарын зыянга учураткан. (RsK)

XS
SM
MD
LG