Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:28

Казак жана түрк президенттеринин жолугушуусу мактоо менен коштолду


Назарбаев менен Эрдоган. Астана, 26-апрель, 2015-жыл.
Назарбаев менен Эрдоган. Астана, 26-апрель, 2015-жыл.

Ак ордо билдиргендей, президент Нурсултан Назарбаевдин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен бүгүнкү сүйлөшүүлөрүндө негизги көңүл соода-экономика, инвестиция, транспорт жана маданий тармактардагы кызматташтык маселесине бурулду.

Эки президент эл аралык жана аймактык проблемаларга да кайрылышты.

Назарбаев Эрдогандын башкаруусу учурунда Түркиядүйнөнүн экономикалык кубаты жагынан 16-өлкөсүнө айланганын эске салып, анын визити казак-түрк кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарарын убада кылды.

Эрдоган өз кезегинде Назарбаевге 26-апрелдеги президенттик шайлоодо ийгилик каалады. (UE)

XS
SM
MD
LG