17-18-апрелде түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде айрым жерлерде абанын температурасы 0…-2° га, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -1…-3°га чейин түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк гүлдөп калган жемиш бактарга коркунучтуу. Ушул күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек-Ош (121-137, 198-265, 246-чакырымдары), Көчкү-Булак (248-255-чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу күтүлөт. Унаалардын ортосундагы кыймыл 500 метр аралыкка чектелиши зарыл.
17-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда, тоо этектеринде жаан-чачын күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,
Таласта түнкүсүн 0...5, айрым жерлерде 0...-2, күндүз 15...20,
Баткенде түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12,
Нарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15,
17-апрелде Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6 градус жылуу, күндүзгү 18…20 градус жылуу болушу күтүлөт.(КЕ)