Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Жалал-Абадда тажрыйба топтоо фестивалы өтүүдө


Бүгүн шаардагы Экономика жана ишкердик университетинде Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан уюштурулган "Тажрыйба топтоо " фестивалы өтүп жатат. Иш чарага шаардагы бардык мекеме-уюмдардын, коммерциялык банктардын өкүлдөрү чакырылган. Максаты жаш кадрларга келечектеги аракеттери үчүн мүмкүнчүлүк түзгөн аянтты жаратып берүү болуп саналат. Мында окууга тапшыруучу талапкерлер жана студенттер келип маалымат ала алышты.

Эл аралык тажрыйба топтоо программасынын алкагында министрлик 2 ай мурда Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан 200гө чукул жаштарды тандап алып, өз каалоосуна жараша мекемелерден тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүшкөн. Бүгүн аларга атайын сертификаттар да тапшырылды. (RsK)

XS
SM
MD
LG