Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:26

Украина: Люстрация мыйзамын Конституциялык сот кароодо


Максат – документти жоболору Баш мыйзамга каршы келер-келбесин аныктоо. Буга тушташ мыйзамды колдогондор менен катар ага каршылардын да ондогон өкүлдөрү митингке чыгышты.

"Бийликтин тазалануусу жөнүндө” деп аталган мыйзам Украинада былтыр октябрда эле күчүнө кирген.

Ага ылайык, бир миллиондой мамлекеттик кызматкер тешерүүдөн өтүшү керек. Алардын айрымдары буга чейин эле ушул мыйзамдын негизинде иштен алынды.

Документ көп жагынан мамлекеттик кызматты мурдагы президент Виктор Януковичтин тушунда коррупцияга аралашкан адамдардан тазалоону көздөйт.

Украин премьер-министри Арсений Яценюк “кызыкчылыктар кагылышы” болгондуктан депутаттарды да Конституциялык соттогу угууга катышууга чакырган.

Анткени, люстрация мыйзамы боюнча Конституциялык соттун айрым мүчөлөрүнүн да текшерилүүсү талап кылынат. (UE)

XS
SM
MD
LG