Бул тууралуу “Азаттыкка” фильмдин автору Төлгөбек Койчуманов билдирди. Ушул күндөрү Эстонияда жапон анимациялык тасмаларынын фестивалы өтүүдө. Ал эми “Аку” 18-апрелде көрсөтүлөт.
Аталган анимациялык тасма былтыр тартылып бүткөн. Бир сааттык мультфильмде бир - бирине көңүл койгон кыз-жигиттин тагдыры сүрөттөлөт. Тасманын аталышы андагы каарман кыздын атынан коюлган. (КЕ)