Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Ош мэри жаңы кызматтык унаадан баш тартты


Ош шаардык мэриясы мэрдин азыркы кызматтык унаасы эскирди деген жүйөө менен «Тойота Лэнд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү жолтандабас сатып алууга 2 млн 750 миң сомдук тендер жарыялаган болчу. Бирок шаар мэри бул ниетинен кайтып, жаңы жолтандабастын акчасын калаа көчөлөрүн жарыктандырууга жумшоо чечимине келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош мэри Айтмамат Кадырбаев кызматтык унаа алуудан баш тартып, анын каражатын шаардын сырткы көрүнүшүн оңдоого, көрктөндүрүү иштерин жандандырууга, көчөлөрдү жарыктандырууга жумшоону чечкен.

Мэриянын азыркы “Митсубиси Паджеро” үлгүсүндөгү кызматтык жолтандабасы 2009-жылдан бери колдонулуп келет.(YI)

XS
SM
MD
LG