Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:16

Киевде орусиячыл журналист киши колдуу болду


Олесь Бузина атылган жер. Киев. 16-апрель.
Олесь Бузина атылган жер. Киев. 16-апрель.

Украин Ички иштер министрлиги билдиргендей, Олеcь Бузинаны беткапчан адамдар бүгүн өз үйүндө атып кетишкен.

45 жаштагы Бузина орусиячыл көз караштары менен таанымал болчу жана Орусиянын Украинага карата саясатын колдогон макалаларды “Сегодня” деп аталган гезитте жарыялап келген.

Ал былтыркы парламенттик шайлоого “Орусия блогу” партиясынан катышып, бирок өтпөй калган эле. Орус президенти Путин бүгүнкү түз байланыш учурунда украиналык журналист Бузинанын киши колдуу болушуна токтолуу менен муну “саясий өлтүрүү” деп атады.

Журналисттин алдында кечээ өз үйүндө мурдагы депутат Олег Калашников ок жеп, мерт болгон. Ал кезинде парламентке бийликтен кулатылган Виктор Януковичтин Региондор партиясынан шайланган.

Украин ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко Бузина да, Калашников да «Антимайдан» кыймылынын ишине катышканын, эгер бул кыймылдын башка мүчөлөрү өмүрүнө коркунуч туулганын сезип жатса, укук коргоо органдарына кайрылуусу керектигин белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG