Кытай өкмөтү грант эсебинен Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасына комплекстүү оорукана курулушун быйыл жайда баштайт. Оорукананын жалпы аянты 12 миң 500 чарчы метр болуп, күнүнө 200 бейтапты кароого жана 150 оорулууну жаткырып, дарылоого ылайыкташат.
Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор Ош шаары менен Кытай өкмөтүнүн ортосунда 2011-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашмакчы. Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчисинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Суй Хэ шаршемби күнү жолугуп, бул маселени талкуулашты.
Бейтапкана төрт кабаттуу үч башка имараттан туруп, 430 млн. сом каражат керектелет. (YI)