Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

“Коопсуз шаар” алкагындагы талаш маселе талкууланат


Бишкектеги "Ош базарынын" тегереги
Бишкектеги "Ош базарынын" тегереги

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерден утуп алган орусиялык “Стилсофт” компаниясынын өкүлдөрү Ички иштер министрлиги аныктаган мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берет. Бүгүн “Вечерний Бишкек” басма үйүндө ушул темага арналган тегерек үстөл талкуусу болот. Ага аталган орус компаниясынын жетекчилиги катышат.

Жакында Ички иштер министрлиги “Стилсофт” ишканасынын арыз-документтерин иликтеп, анда жалган маалыматтар камтылганын аныктаган жана сотко кайрылган.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбооруна болжол менен 43 миллионго жакын доллар керек деп айтылууда. Эгер ал ишке ашса, кылмыштуулук азайып, жол эрежесин сактоо бир калыпка түшөрүн адистер белгилешет. (SE)

XS
SM
MD
LG