Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Парламентте мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселеси каралат


Кызыл-Кыядагы мектептердин биринин мугилими - Вера Васильева.
Кызыл-Кыядагы мектептердин биринин мугилими - Вера Васильева.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы мугалимдердин айлыгын жогорулатуу маселесин бүгүн талкуулайт. Депутаттарга Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева баяндама жасамакчы. Ошондой эле Каржы министрлигинин өкүлдөрү айлыкты көтөрүү демилгеси бюджетке канчалык таасир бериши жөнүндө айтып берет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл сентябрда мугалимдердин маяналарын 50 пайызга чейин көтөрүү каралып жатканы мурдараак кабарланган.

Расмий маалымат боюнча жыл сайын бюджеттен мектептерге 200 миллион сом бөлүнөт. Ал акча маянадан сырткары, ремонт иштерине да жумшалат. Мугалимдердин айлыгы Кыргызстандагы аз маяналардын катарына кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG