Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Тогуз коргоол: Айтурган Максатбек кызы дүйнө чемпиондугунда коло байге алды


Тогуз коргоол боюнча III дүйнө чемпиондугуна 23 мамлекеттен 50дөн ашуун оюнчу катышууда. Алматы шаары
Тогуз коргоол боюнча III дүйнө чемпиондугуна 23 мамлекеттен 50дөн ашуун оюнчу катышууда. Алматы шаары

Ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан тогуз коргоол боюнча III дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык Айтурган Максатбек кызы 16-апрель күнү блиц түр боюнча коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Алдыңкы эки орунду казакстандык оюнчулар ээлешти. Салтанат Сапарбекова алтын, Асель Далиева күмүш медаль тагынды.

Ушул эле блиц түрүнөн (бир партияда ар бир оюнчу 7 мүнөттөн ойнойт) эркектер арасында казак тогуз коргоолчулары Серик Актаев менен Нурбек Кабиев алтын жана күмүш байге алышты. 3-орунду германиялык Алексей Питерс ээледи.

Блиц түрдөн байге утуу үчүн Кыргызстандан Кубан Сазаев, Анарбек Жамакеев жана Алтынай Шамбетова да катышкан.

Айтурган Максатбек кызынын коло байгесин кошкондо учурда Кыргызстандын эсебинде үч медаль бар. Буга чейин классикалык түр боюнча (бир оюнчуга 90 мүнөттөн убакыт берилет) Аида Керимбекова күмүш, Анарбек Жамакеев коло медалдын ээси болушкан.

Бүгүн, 17-апрелде тогуз коргоолдун рапид түрү (бир партияда ар бир оюнчу 25 мүнөттөн ойнойт) боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында эки топтом медаль ойнотулуп, мелдештер жыйынтыкталат. Ага кыргыз тогуз коргоолчуларынан Анарбек Жамакеев, Кубаныч Ибрагимов, Аида Керимбекова жана Мадина Курманбекова катышат.

Тогуз коргоол боюнча III дүйнө чемпиондугу 13-апрелде башталган. Ага 23 мамлекеттен 50дөн ашуун оюнчу катышууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG