Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Чет өлкөлүк телеканалдар социалдык пакетке кирбейт


Кыргызстанда санариптик берүүгө өткөндө чет өлкөлүк телеканалдар бардык аймакка бекер таратылчу социалдык пакетке кирбейт. Бул тууралуу бүгүн Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбаева “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, ага бюджеттен каржылана турган каналдар кирген. Мындан сырткары социалдык пакетке сынактын негизинде жеке компаниялар да кошулган. Жалпысынан 15 телеканал кириши мүмкүн.

Алардын ичинен Коомдук телеканал жана анын тармактык каналдары үчүн төрт орун, ал эми ЭлТР, "5-канал", "Пирамидага" бирден орун берилсе, дагы бир орунду облустук телестудиялар алат. Аталган каналдар санарипке өткөн соң өлкөнүн бардык аймактарында акысыз көрсөтүлмөкчү.

Темирбекова кошумчалагандай, “соцпакетке” кошулган каналдардын ар бирине бюджеттен 10 миллион сомдон бөлүнүп берилет. Алар бул каражатка санарипке керектүү жабдыктарды сатып алышы керек.

Кыргызстан 2015-жылдын июнь айында санариптик берүү форматына толук өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине кол койгон.

Казакстан санарипке 2012-жылы өтсө, Өзбекстан 2015-жылы өтүү аракетинде. Ал эми Орусия санарипке 2010-жылы өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG