Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте өтүп жаткан эл аралык симпозиумда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал дин ишмерлеринин Кыргызстанга чогулуп, мындай иш-чара өткөрүп жатышын кубаттады.
Ошондой эле мамлекет диний кырдаалды көзөмөлдөөнү колго алганын, конфессиялар арасындагы байланышты бекемдөө боюнча иш-чаралар көрүлүп жатканын билдирди. “Илим өсүп, билим болгон жерде терроризм болбойт. Себеби билимсиздик жана караңгылык – радикализмдин жана терроризмдин башаты”, - деп жазылган президенттин сөзүндө.
Ушул күндөрү Бишкекте муфтият Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен бирге “Экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу” деген аталышта алгачкы эл аралык симпозиум өтүүдө. Анда өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко каршы күрөшүү, алар жүргүзүп жаткан идея мусулманчылыкка жат экендигин элге жеткирүү маселеси талкууланууда.
Симпозиумга Египет, Монголия, Иордания, Сауд Арабия, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу он жети мамлекеттен муфтийлер жана диний ишмерлер катышууда. (КЕ)