Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

Орусия америкалык аскердик машыктыруучулардын Украинага келишин сындады


Орусия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков америкалык аскерий инструкторлордун Украинага жөнөтүлүшүн сындады. Песковдун айтымында, алардын келиши куралдуу жаңжал уланып жаткан өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүүсү мүмкүн.

АКШ армиясы бүгүн Украинанын чыгышына десанттык күчтөрдүн аскерлери келгенин, алар улуттук армияга мобилизацияланган 900 резервчини машыктырышаарын билдирген.

Майор Хосе Мендес инструкторлор согуш жүргүзүүнү үйрөтүп, аскерлердин адискөйлүгүн жана тажрыйбасын көтөрүүнүн үстүнөн иштешет деди.

Украинанын куралдуу күчтөрү бир жылдан бери өлкөн чыгышында орусиячыл жикчилер менен согушуп келатат. Ошондон бери 6 миңден көп кишинин өмүрү кыйылды. Үстүбүздөгү февралда ок атышууну токтотуу келишимине жетишилгени менен кырдаал курч бойдон кала берүүдө.

Америкалык армиянын ошол эле бөлүгүнүн аскерлери өткөн жылы Орусиянын Украинага кирип барышынан кийин Польша, Эстония, Латвия жана Литвада машыгуу өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG