Парламенттеги коалициялык кеңеш Кумтөр боюнча жалпысынан өкмөт башчынын сунушун колдоду.
Бирок улутташтыруу маселесинин айынан чечим чыгаруу кийинкиге калды. КСДП жана “Ар-намыс” фракциялары Кыргызстандын улутташтырууга байланыштуу позициясын так белгилеп, каршы экенин ачык көргөзүү керектигин айтышты. Бирок “Ата Мекен” коалициялык кеңештин токтомунун долбооруна премьер-министрдин сунушу колдоого алынганын гана жазып, улутташтыруу боюнча белгилөөнүн кажети жок экенин, муну үчүнчү вариант катары кармап туруу керектигин айтты. Фракция бул маселени өз алдынча талкуулап, келерки аптада өз корутундусун бермей болду.
Өткөн аптада өкмөт башчы Кумтөр маселесин Кыргызстандын кызыкчылыгында чечүүнүн жаңы жолун сунуштаган. Буга британиялык ишкерлердин “Центерра голд” компаниясынын жетекчилигин алмаштыруу тууралуу кайрылуусу себеп болгон.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаевге 30-мартта британиялык ишкерлер Мартин Грехэм жана Лорд Клэнвильямдан кат келген. Алар Кыргызстандын 33% акциясына “Центерранын” дагы 18% акциясын кошуп, 51% акцияга ээ болуу менен “Центерра Голддун” жетекчилигин алмаштырууну сунуштаган. Бул каттын негизинде премьер Оторбаев өз сунушун өткөн аптада парламенттин кароосуна алып чыккан. “Центерра голддун” директорлор кеңешине келе турган ыктымал жети талапкердин ким экени ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратып, талкууга жем таштаган. Эми британиялык ишкерлер кыргыз бийлиги менен көзмө-көз сүйлөшөөрү айтылууда. (КЕ)