Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Фарид Ниязов “Вечерний Бишкектин” билдирүүсүнө жооп кайтарды


Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов “Вечерний Бишкек” басылмасынын мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге жазган ачык катына жооп кайтарды. Ал басылманын айткандарын кезектеги каралоо катары баалады.

- Мен Александр Кимдин жанталашып жатканын түшүнөм. Бирок ушинтип жалган маалымат таратып, өз жамаатынын артына туруп алып, аларды колдоно берүү туура эмес.

“Вечерний Бишкек” басылмасынын президентке жана коомчулукка кайрылган катында Акаев, Бакиев тушундагыдай башкаруу режими калыптанып жатканы, азыр бардык мамлекеттик иштерде Президенттик аппарат башчынын орун басары Икрамжан Илмиянов, президенттин мурдагы жан сакчы Эркин Мамбеталиев турары, бул ишке президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов да катыштыгы болушу ыктымалдыгы жазылган.

Биринчи май райондук соту өз чечими менен “Рубикон” жарнак бөлүмүнүн элүү пайыз акциясы бизге таандык деп эсептеген Александр Рябушкиндердин үй-бүлөсүнүн арызын канааттандырып берген болчу. Быйыл жыл башында Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG