Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:13

Ар бир бешинчи кылмыштын бети ачылбай калууда


Бул тууралуу ички иштер министринин биринчи орун басары Нурбай Касымбаев Ошто өткөн коллегиялык жыйында билдирди. Ал аймактарда бети ачылбай жаткан кылмыштардын өсүүсүнө тынчсыздануусун билдирип, милициянын иши натыйжасыз болуп жатканын белгиледи.

2014-жылдын биринчи чейрегинде жалпы катталган кылмыштардын 16.10% бети ачылбай калса, 2015-жылдын биринчи чейрегинде мындай кылмыштарын саны 17.34% түзгөн.

Касымбаев бети ачылбай калып жаткан кылмыштардын санынын көбөйүшү милицияга болгон ишенимди азайтарын эскертти. Коллегиялык жыйын ички иштер министри Мелис Турганбаевдин катышусунда өттү. (YI)

XS
SM
MD
LG