Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Чаткалдык мугалим диний көз караштан улам куугунтукталып жатканын айтууда


Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Кара-Суу айылынын тургуну, Алике Айымбетов атындагы орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген Кайриниси Адинаева диний көз караштан улам куугунтукталып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Адинаеванын айтымында, аны мектеп директору жана айыл башчысы "диний агымга өтүп кеткен, балдарга туура эмес тарбия берет" деп негизсиз айыптап, өз ыктыяры менен арыз жазып кетүүгө мажбурлашкан. Буга байланыштуу Адинаева Билим берүү жана илим министрлигине, акыйкатчыга арызданууда.

Аталган мектептин директору Айнура Тойчиева мугалим диний көз караштан улам куугантукталып жатат деген дооматка макул эмес. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, жергиликтүү тургундар Адинаеванын мектепте сабак берүүсүнө каршы болушкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG