Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Хакасиядагы өрттөн 30 киши өлдү


Хакасиядагы өрттөн набыт болгондордун саны 30 кишиге жетти. Дагы эки кишинин дайыны табыла элек. Акыркы маалыматтарга ылайык, ооруканаларга 1072 киши кайрылды.

33 айыл-кыштакта 1300дөн көп жер там керектен чыкты, 5 миңге чукул киши үйсүз калды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча материалдык чыгым 7 миллиард рублга бааланууда. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар да бар экени буга чейин маалымдалган.

Ал эми Забайкалье жана Бурятияда тилсиз жоо менен күрөш уланууда. Өрт 100 миң гектар жерди жалмады. Кечээ кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген шек менен аймактан Токой чарба башкармалыгынын жетекчисинин кызматын аткаруучу Руслан Балагур кармалды. Забайкальедеги өрткө байланыштуу акыркы үч күндө 25 кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG