Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Сирия президенти Түркияны айыптады


Идлиб шаары, Сирия. 2015-жыл
Идлиб шаары, Сирия. 2015-жыл

Сириянын президенти Башар Асад Идлиб шаарынын исламчыл согушкерлерге өткөнү үчүн Түркияны айыптады.

17-апрелде швециялык “Экспресс” гезитинде жарык көргөн интервьюда Асад Анкаранын “ири логистикалык жана аскердик жардамы” өкмөттүк күчтөрдүн Идлиб үчүн урушта жеңилүүсүндө чоң роль ойноду деди.

Түрк өкмөтүнүн маалымат катчысы бул дооматтарды четке кагууда.

Түркия менен чек арада орун алган Идлиб "ал-Каида" тобунун Сириядагы канаты "ал-Нусра майданы" жана ашынган консервативдүү "Ахрар ал-Шам" топтору тарабынан басып алынган. Жарандык согуш жүрүп жаткан төрт жыл ичинде Сириянын эки аймактык борбору согушкерлердин көзөмөлүнө өттү.

Ракка шаары ушу тапта "Ислам мамлекети" радикал тобунун колунда.

XS
SM
MD
LG