Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Коеналиев: Президенттин чыгымы азайды


Кыргыз сому
Кыргыз сому

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коеналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, президенттин өзүн тейлөөгө быйыл 7,8 миллион сом каралды. Былтыр 2014-жылы бул каражат 9 миллион сомду түзгөн.

2014-жылы президент, Президенттик аппарат жана президенттин резервдик фондунун чыгымдары 161,1 миллион сомду түзгөн. Быйыл 2015-жылы бул чыгымдар 13, 6 миллион сомго кыскарып, 147,4 миллион сом болду.

Жалпысынан президентти тейлөөгө иш башкармалыктын өзүн кошкондо жылына 550 миллион сомдун тегерегиндеги каражат кетет.

Президентке байланыштуу чыгымдардын кыскарышына иш башкармалыктын карамагындагы үч резиденция, бир катар ишканалар өздөрү иштеп, кирешени тапканы себеп болууда.

Президентти, анын аппаратын жана иш башкармалыкты тейлеген кызматкерлердин жалпы саны 1300гө чукул.

Президентти сындагандар анын жалпы чыгымы жылына 550 миллион сом эмес, 1 миллиард 200 миллион сомду чапчырын, бул Кыргызстан өтө ири сумма экендигин белгилеп келишет. 2008-жылы мурдагы президенттин чыгымы 43,2 миллион сом болгон. (AzK\UEz)

XS
SM
MD
LG