Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:08

WSB: Өмүрбек Малабеков орус мушкерине жеңилди


Кыргызстандык мушкер, "Украина атамандары" командасынын өкүлү Өмүрбек Малабеков Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын 13-турунда Орусия командасынын мушкери Владимир Никитинге утулуп калды.

Мелдештин расмий сайты билдиргендей, беттеш 17-апрелде Киев шаарында өткөн. 56 килограмм салмакта күч сынашкан эки мушкердин таймашында калыстар 3:0 эсебинде жеңишти орус мушкерине ыйгарган. Бул күнү "Украина атамандары" 3:2 эсебинде "Орусия командасын" утуп алды.

Бул жеңиши менен "Украина атамандары" Орусия командасынан 2 упай гана артта калып Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) А тайпасында 27 упай менен 3-катарда келе жатат. Бул тайпада биринчи орунда 39 упайы бар Куба командасы алдыда. Украин клубу буга чейин февраль айында орус командасына 5:0 эсебинде утулуп калган эле.( Ech)

XS
SM
MD
LG