Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Краматорскто Лениндин эстелиги алынды


Краматорск, 17-апрель, 2015-жыл
Краматорск, 17-апрель, 2015-жыл

Аталган шаар азыр Украина көзөмөлдөп жаткан Донецк облусунун административдик борбору болуп саналат.

Күбөлөрдүн айтымында, жума күнү шаардык кеңештин маңдайында турган эстеликтин жанына техника алынып келип, эстелик кулатылган. Бул учур “112 Украина” телеканалынан түз эфирде көрсөтүлгөн. Аянтта жүздөгөн киши чогулган. Алардын көпчүлүгүнүн колунда Украинанын мамлекеттик желектери болгон. Эстеликтин ордуна Украинанын туусу орнотулду. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, бул демилгени “Эркиндик” партиясынын шаардык уюму көтөргөн.

17-апрелге караган түнү Лугансктын Станицасында дагы Лениндин эстелиги алынган эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG