Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, Кыргызстан боюнча өткөн суткада “112” номуруна 2475 кайрылуу болсо, анын дээрлик 2050сү жалган чалуулар болгон.
Бишкек боюнча 1585 кайрылуунун 1344ү, Ош шаары боюнча 792 кайрылуунун 628и жана Каракол шаары боюнча 98 телефон чалуунун 78и жалган болуп чыккан.
Адистердин айтымында, куткаруу кызматына чалгандар окуя туурасында же жардам сурап чалбастан, жөн гана кызыгып чала беришет. Көпчүлүк учурда жалган чалуулардын себеби балдардын ээнбаштыгына байланыштуу болот.
“112” куткаруу кызматына кимдир бирөө оор абалга түшүп калганда же бир кырсыктын күбөсү болуп калганда кайрылып, маалымат берсе болот. Телефон чалуу акысыз.
Аталган кызмат өткөн жылдын декабрь айында ишке кирген. Ал тез жардам, өрт өчүрүү кызматы жана милициянын аракетин координациялайт. Бул кызмат америкалык “911” кызматына окшош иш алып барат. (AzK)