Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Ошто мас айдоочунун айынан эки жашар бала чарчап калды


Бул тууралуу “Азаттыкка” каза болгон наристенин атасы Садык Ахунбеков билдирди.

Анын айтымында, кечээ 17-апрелде эртең мененки саат 8:30 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндө улуу кыздарын бала бакчага тапшырып, эки жашар уулун ээрчитип чыккан кош бойлуу аялды кара түстөгү "Тойота" үлгүсүндөгү автоунаа келип артынан койгон. Натыйжада эки жашар уулу каза болуп, аялдын боюнан козголгон. Окуянын күбөлөрү балалуу аялды коюп кеткен унаанын айдоочусу мас абалда экенин, колунда бир бөтөлкө сыра бар экенин айтышкан.

Милициянын маалыматына караганда, кырсык болгон жерге унаасын таштай качкан айдоочу дароо кармалып, Наркологиялык борборго алып барышканда мас экени аныкталды. Кармалган айдоочу жана анын шериги Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Ош шаардык төрөт үйүндө жаткан келиндин абалы азыр канааттандырарлык. (YI)

XS
SM
MD
LG